Башар Асад режими Идлибде хлор газын колдонгон
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Башар Асад режиминин химиялык курал колдонгондугун такташкандарын билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сириянын Идлиб шаарында май айында болгон кол салууда Башар Асад режиминин химиялык курал колдонгондугун такташкандарын билдирди. Помпео Нью – Йоркто өткөргөн пресс жыйынында : «Асад режими кээ бирлери согуштук жана адамзаттык кылмыш болгон сансыз зулумчулуктан жооптуу. Бүгүн АКШнын Асад режиминин 19 - майда химиялык курал катары хлор газын колдонгондугу тууралуу жыйынтыктын чыккандыгын билдирем»,- деди.
Асаддын май айындагы химиялык курал менен кол салуусунун мурункулардан башка экендигин, себеби бул жолу хлор газын колдонгондугун айткан Помпео Трамптын дүйнөнү химиялык курал колдонуудан алыс кармоо тууралуу аракет кылгандыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.