Лавров: «Ооганстандын түндүгүнүн террордук уюмдардын уюгуна айлануу коркунучу турат»

Лавров, кечээ АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө, дүйнөдөгү терроризм маселесине токтолду.

1276602
Лавров: «Ооганстандын түндүгүнүн террордук уюмдардын уюгуна айлануу коркунучу турат»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ооганстандын түндүгүнүн террордук уюм ДЕАШтын жетекчилигинде эл аралык террор уюмдарынын маанилүү борборуна айлануу коркунучу турганын айтты.

Лавров, кечээ АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө, дүйнөдөгү терроризм маселесине токтолду.

ДЕАШ жана Ал-Каиде террордук уюмдарынын дүйнөлүк деңгээлде кулатуу жана коркунуч туудуруусун улантканын белгилеген Лавров: «Террористтердин кыймылдарынын натыйжада Сирия жана Ирак менен катар Жакынкы Чыгыштагы абал болушунча санааркатууда. Ал жерден чыккан террор коркунучу Ливия менен катар Африка материгинде ылдам жайылды. Орто Азия, Түштүк жана Түштүк Чыгыш Азия да адамзат ахлагына жатпаган террордук кыймылдарга сахна болууда»,-деп айтты.

Лавров, Ооганстандын түндүгүнүн террордук уюмдардын уюгуна айлануу коркунучу тарганына шилтеме кылып, «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму жана Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Орто Азия менен катар Ооганстандагы коркунучтарга токтолууда. Оооганстандын түндүгү, террордук уюм ДЕАШтын жетектөөсүндө эл аралык террордук уюмдардын маанилүү борборуна айлануу коркунучунда турат»,-деди.

Бул коркунуч жана кыйынчылыктарды жеңип чыгуу үчүн Ооганстанга ылайыктуу тышкы жардам керектигин баса белгилеген Лавров, Орто Азия менен Ооганстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын өнүктүрүлүшү боюнча пландарынын, бул өлкөдөгү террор коркунучу жоюлбастан ишке ашырыла албай турганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар