Трамп БУУдагы кайрылуусунда ааламдашууга эмес, улутчулдукка чакырды

Трамп: «Акылдуу лидерлер алдыңкы орунга өз калктарын жана өлкөсүн коет. Келечек ааламчылдарга эмес мекенин сүйүүчүлөргө таандык»,-деди.

1275772
Трамп БУУдагы кайрылуусунда ааламдашууга эмес, улутчулдукка чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамптан улут мамлекет жана улутчулдукка чакырык...

Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйынында сөз сүйлөгөн Дональд Трамп, глобалдашууну четке кагуу жана улутчулдукту кучактоо чакырыгын салды.

Трамп: «Акылдуу лидерлер алдыңкы орунга өз калктарын жана өлкөсүн коет. Келечек ааламчылдарга эмес мекенин сүйүүчүлөргө таандык»,-деди.

Улут мамлекеттердин күчтөнүүсү керектигинин белгисин берген Трамп: «Залда өкүлдүк кылынган ар бир өлкөнүн маданиятын жана тарыхын коргоого укуктуу. Эгерде эркиндик, демократияны кааласаңыз эгемендүүлүгүңүздү бекем сактаңыз, тынчтык кааласаңыз өлкөңүздү сүйүңүз»,-деп айтты.

Дональд Трамп сөздөрүн: «Өз улуттарыбызды сүйүү, дүйнөнү бардык улуттар үчүн дагы жакшы жер кылат»,-деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар