Израиль палестиналыктарды камакка алууну улантып жатат

Израиль аскерлери ар кайсы шылтоо менен палестиналыктарды камакка алууда.

1275095
Израиль палестиналыктарды камакка алууну улантып жатат

Израиль аскерлери басылып алынган Батыш-Шериада 19 палестиналыкты камакка алды.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү маалыматында, Батыш-Шерианын ар кайсы аймактарына түн ичинде жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө «террордук кыймылга аралашты» деген себеп менен 19 палестиналыктын камакка алынгандыгы белгиленди.

Маалыматта бул палестиналыктардын аймактагы камоо жайларына жиберилгендиги билдирилди. 

Палестинанын расмий булактарына караганда, Израиль абактарында 500гө жакыны административдик камактагылар, 220сы балдар жалпы 5 миңден ашуун палестиналык бар.



Тектеш кабарлар