Трамп Моди менен жолукту
Моди: «Трамп Ак үйдө Индиянын чыныгы досу»
1274247
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Техаста уюштурулган иш-чарада жолугушту.
АКШдагы индиялык коомчулуктун бул өлкөгө ар тараптуу салым кошконун баса белгилеген Трамп: «Индия менен карым-катнаштарыбыз болуп көрбөгөндөй күчтүү»,-деп айтты.
Индиянын премьер-министри Моди да Трамп жөнүндө: «Ак үйдө Индиянын чыныгы досу»,-деди.
Эки лидердин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Нью-Йоркто жолугушуусу пландалып жатат.