АКШнын жол башчылыгындагы коалициянын кол салуусунда 3 миңден ашуун жаран каза болду

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы Эл аралык Коалиция күчтөрүнүн кол салууларында ушул күнгө чейин 3 миң 37 жарандын каза болгондугу билдирилди.

1274732
АКШнын жол башчылыгындагы коалициянын кол салуусунда 3 миңден ашуун жаран каза болду

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы Эл аралык Коалиция күчтөрүнүн кол салууларында ушул күнгө чейин 3 миң 37 жарандын каза болгондугу билдирилди.

Сирия адам укуктары желеси АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы  Эл аралык Коалиция күчтөрүнүн Сирияга кийлигишүүсүнүн 5 -  жылына байланыштуу отчет жарыялады. Отчетко караганда коалиция күчтөрү тарабынан 2014 -  жылы 23 – сентябрдан берки кол салууларда 3 миң 37 жаран каза болгон. Алардын ичинен 924тү балдар, 656сы аялдар.

Коалициянын Сирияга карата аскердик кийлигишүүнүн акырында биринчи жылы 249, экинчи жылы 398, үчүнчү жылы 1 миң 753, төртүнчү жылы 432 жана бешинчи жылы 205 жаран каза болду.

ЙПГ/ПКК террордук уюмга карата жардам берген коалиция күчтөрүнүн бомбалоосу менен эң көп жарандар каза болгон облус Ракка болду. Раккада 1 миң 133, Халепте 782, Дейризордо 626, Хасекеде 218, Идлибде 140, Хомста 133, Дерада 5 жаран коалиция кол салууларында каза болгон.

ДЕАШка каршы коалиция 2014 -  жылы 23 -  сентябрдан берки кээ бир кол салууларда жарандык отурукташуу жерлери да бутага алынды. Бомбалоолордо араларында мектептер менен базар жерлери болгон жарандар жашаган борборлор эң аз 181 жолу бутага алынды.

Коалиция күчтөрүнүн кол салуусунда Ракка, Дейрузор жана Хасеке облустарында 560 миңден ашуун жаран үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.



Тектеш кабарлар