Трамп - Марк Цукерберг жолугушуусу
АКШнын президенти Трамп социалдык медиа платформасы фейсбуктун башкы директору Марк Цукерберг менен Ак үйдө жолугушту.
1273280
АКШнын президенти Трамп социалдык медиа платформасы фейсбуктун башкы директору Марк Цукерберг менен Ак үйдө жолугушту.
Дональд Трамп расмий твиттер эсебинен : «Фейсбуктун башкы директору Марк Цукерберг менен бүгүн жыйын өткөрдүк»,- деп билдирди. Трамп билдирүүсүндө жыйын учурунда Марк Цукерберг менен түшкөн сүрөтүнө да орун берди.
Фейсбуктан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта болсо : «Марк келечекте интернетти иретке салууга байланыштуу саясатчылардын тынчсызданууларын угуу жана өздөрү менен сүйлөшүү үчүн Вашингтондо. Марк айрыкча президент Трамп менен да бүгүн Ак үйдө жыйын өткөрдү»,- деп билдирди.
Президент Трамп бат - бат фейсбук жана башка социалдык медиа платформаларын өзүнө каршы саясий шектенүүдө болуу менен сынга алууда.