Сергей Лавров : "АКШ Москва менен Пекинди чатакташтыруу каалоосун жашырбайт"

Сергей Лавров бир орус журналына жазган макаласында санкциялардын жана доллардын статусунун кыянаттыкка колдонулушунун экономикада «эреже» болгондугун айтты.

1273276
Сергей Лавров : "АКШ Москва менен Пекинди чатакташтыруу каалоосун жашырбайт"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Орусия менен Кытайды чатакташтыруу үчүн аракет кылгандыгын белгиледи.

Сергей Лавров бир орус журналына жазган макаласында санкциялардын жана доллардын статусунун кыянаттыкка колдонулушунун экономикада «эреже» болгондугун айтты.

АКШнын өз союздаштарын Орусияга каршы колдонуу аракетинде экендигин белгилеген Лавров Вашингтон башкаруусунун өнөктөштөрүн Орусия менен Кытайды бөлүү үчүн колдонууга аракет кылгандыгын айтты. Лавров : «Евразия менен Азия  - Тынч океан аймагында өз текшерүүсү тышында болгон көп тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык интеграция түзүлүштөрүн бузууну каалаган АКШ Москва менен Пекинди чатакташтыруу каалоосун жашырбайт»,- деди.

Вашингтондун Орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишиминен чыгып атомдук ракетаны текшерүү тармагындагы бардык келишимдерди коркунучка салгандыгын айткан Лавров АКШнын космоско курал жайгаштыруу иштерин баштагандыгын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар