АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизет

Трамп журналисттерге маалымат берди.

1272587
АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизет

АКШнын президенти Дональд Трамп, Иранга каршы жаңы санкцияларды 48 сааттын ичинде билдирине тургандарын айтты.

Трамп Лос-Анжелестеги эл аралык аэропортто, Ак үйдүн жаңы улуттук коопсуздук кеңешчиси Роберт О'Брайен менен журналисттерге маалымат берди.

Иранга карай санкциялардын арттырылуусу темасына токтолгон Трамп: «Иранга айрым өтө маанилүү санкцияларды кошобуз. Буларды да 48 сааттын ичинде билдиребиз»,-деди.

Бул жарыянын ичинде Иранга аскердик кийлигишүүнүн болуп же болбогондугу жөнүндөгү суроого Трамп: «Эмне болоорун көрө жатарбыз»,-деп жооп берди. Трамп: «Эгерде бир нерсе кылышыбыз керек болсо муну эч тайсалдабастан жасайбыз»,-деди.

Учурда абдан күчтүү жагдайда экендиктерин баса белгилеген Трамп: «Иранга аскердик кийлигишүү эң акыркы альтернатива болот. Бирок үстөлдө башка альтернативалар да бар»,-деп айтты.

Ирандын президенти Хасан Рухани жана аны коштогон делегациянын БУУнун Башкы Ассамблеясындагы жыйын үчүн азырынча виза ала албай жаткандары жөнүндө болсо Трамп, Иран делегациясынын бул жыйынга баруусун колдогондорун белгилеп: «Эгерде бул мага байланыштуу нерсе болгондо, алардын келүүсүнө урусат бермекмин»,-деди.



Тектеш кабарлар