Израиль Палестинанын жерлерин басып алуусун токтото элек

Жергиликтүү маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда жөөт отурукташуучулардын Израиль аскерлеринин коргоосунда Батыш Шерианын Рамаллах шаарына караштуу Мезраа ал-Гарбийе жергесине басып кирүүсүнө палестиналыктар каршылык көрсөтүштү.

1271418
Израиль Палестинанын жерлерин басып алуусун токтото элек

Израиль күчтөрү басып алуусу астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бирөө баладан турган 4 палестиналыкты жаралады.

Жергиликтүү маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда жөөт отурукташуучулардын Израиль аскерлеринин коргоосунда Батыш Шерианын Рамаллах шаарына караштуу Мезраа ал-Гарбийе жергесине басып кирүүсүнө палестиналыктар каршылык көрсөтүштү.

Басып кирүүгө каршылык көрсөткөн палестиналыктарга чыныгы ок менен жооп кайтарган Израиль аскерлери, бирөө баладан турган 4 палестиналыкты жаралады.

Жаракат алгандар Рамаллахка жакын жердеги Эл-Истишари араб ооруканасына жеткирилди.

Учтукуй желим ок тийген баланын абалы оор экени билдирилди.

Палестина Кызылайынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Чыгыш Кудстун Абу Дис аймагында Израиль күчтөрү менен Палестиналыктардын ортосунда чыккан кагылышууда бир палестиналык чыныгы октон жаракат алып, Рамаллах ооруканасына жеткирилди.

Айрыкча Израиль аскерлери Батыш Шерианын Тубас шаарына караштуу Динамометре аймагын басып кирди.

Басып кирүүгө таш ыргытып каршылык көрсөткөн палестиналыктарга Израиль аскерлери, көздөн жаш агызуучу газ чачып жооп кайтарды.

Окуяларда газдан таасир алган 6 палестиналыктан бирөө Тубас түрк ооруканасына жеткирилди.



Тектеш кабарлар