Трамп «кылмышкерди билгендерин» жана «ыктымалдуу чабуулга даяр болгондору» боюнча билдирүүсүн айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп, Рияддан келе турган жоопко жараша кайсы шарттарда кыймыл-аракетке өтө тургандарын белгилей тургандарын билдирди.

1270109
Трамп «кылмышкерди билгендерин» жана «ыктымалдуу чабуулга даяр болгондору» боюнча билдирүүсүн айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабияга таандык мунай зат ишканаларына ок атылуусуна токтолуп, «кылмышкерди билгендерин» жана «ыктымалдуу чабуулга даяр болгондору» боюнча билдирүүсүн айтты.

Трамп, Саудиялык Арамкого таандык ишканалардын атылуусу тууралуу Твиттер барагынан маалымат бөлүшүп, «Сауд Арабиянын мунай зат аянты кол салууга дуушар болду. Кылмышкерди билгенибизге ишенүү үчүн себебибиз бар, ырастоого байланыштуу түрдө биз (бутага) багытталабыз жана куралдарыбыз чапталган абалда. Бирок Сауд Арабия Падышачлыгынан бул кол салуунун себепкеринин ким экенин угууну күтүп турабыз»,-деп жазды.

Трамп, Рияддан келе турган жоопко жараша кайсы шарттарда кыймыл-аракетке өтө тургандарын белгилей тургандарын билдирди.

Президент Трамп айрыкча, аты аталган ишканаларда болгон кол салуунун артынан АКШда мунай зат базарларында кандайдыр бир олку-солкулуктар болбошу үчүн кошумча запастардын «муктаждыкка жараша» колдонулуусуна уруксат бергенин билдирди.

Сауд Арабиянын улуттук мунай зат кампаниясы Арамкого таандык 2 ишканага ишемби күнү учкучсуз учуучу куралдуу аппарат менен кол салуу болушунун себебинен өрт чыкканы жарыяланган.

Каза болгон же жарадар болбогон кол салуу тууралуу кандайдыр бир тарап күнөөлөнбөсө да, Хусилер жазуу түрүндөгү жарыясында кол салууну 10 дрон менен өздөрү ишке ашырганын жазып чыккан.

Йемендеги Иран колдогон Хусилер, акыркы убактарда көбүнчө Сауд Арабиянын абадан коргонуу системасы тарабынан жок кылынган орто жана алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракеталары менен катар учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар менен өлкөнүн айрым жерлерин бутага алып келет.



Тектеш кабарлар