Суданда сел жана холера

Холерадан улам Көгүлтүр Нил аймагында 5 киши каза болду.

1270528
Суданда сел жана холера

 

Суданда катуу жамгыр жаашы себеп болгон селдерде каза болгондордун саны 85ке жетти.

Судан расмий маалымат агенттиги СУНа саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Сүлейман Абдулжаббардын билдиргенине карата берген кабарында июнь -  сентябрь айларынын арасында болгон селдерде каза болгондордун саны 85ке жетип, 133 киши да жараланган.

Селден 69 миң үй менен мамлекетке таандык 117 миң иш жери зыян тартып, үйлөрдүн дээрлик жарымы толугу менен кулап, 4 миңден ашуун мал да жок болду. Өлкө селден кийин жугуштуу оорулар менен да күрөшүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги холерадан улам Көгүлтүр Нил аймагында 5 кишинин каза болгондугун, көз карандысыз Судан Борбордук дарыгерлер  комитети да Дарфур аймагында 8 кишинин ысытмадан каза болгондугун билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Экрем Али ет   - Тум ичүүгө боло турган суу булактарынын дарыланышынын маанисине токтолуп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан холера вакцинасын талап кылышкандрын белгиледи.

Министрликтин жетекчилери азыркы учурга чейин 80 кишиде эпидемиянын кездешкендигин, 15нин карантин астында дарыланып жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар