Түндүк Корея кыска аралыктуу ракетасын сынады

Атылган ракеталардын 330 километр жолду өткөндүгү белгиленди.

1266704
Түндүк Корея кыска аралыктуу ракетасын сынады

Түндүк Корея АКШнын атомдук сүйлөшүүлөрдү бул айдын акырында кайрадан баштоо тууралуу сунушуна жашыл жарык жаккандан кийин кыска аралыктуу ракетасын сынады.

Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда Түндүк Корея жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:53 жана 07:12де борбор шаар Пхеньяндын 80 километр түндүгүндөгү Түштүк Пхеньян аймагында Каечон шаарынан Чыгыш деңизге карай эки кыска аралыктуу ракета учурду.

Эки ракетанын 330 километр жолду өткөндүгү белгиленип, деңизге түшүп же түшпөгөндүгү тууралуу маалымат берилген жок.

Түштүк Корея менен АКШ чалгындоосунун ракеталардын түрүн изилдегендиги белгиленди.

Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгынын билдирүүсүндө Түндүк Кореяга аймакта араздашууну күчөткөн мындай кыймылдарды дароо токтотууга чакыруу салынды.

Сыноолордон кийин Түштүк Корея Улуттук Коопсуздук Кеңешинин чукул түрдө жыйын өткөргөндүгү билдирилди.



Тектеш кабарлар