Израиль аскерлери палестиналыктарды камоого алууну улантууда

Түнү жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө "террордук кыймылга аралашты" деген 14 палестиналык камоого алынды.

1265709
Израиль аскерлери палестиналыктарды камоого алууну улантууда

 

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 14 палестиналыкты камоого алды. Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарына түнү жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө "террордук кыймылга аралашты" деген негиз менен 14 палестиналыктын камоого алынгандыгы билдирилди. Маалыматта бул палестиналыктардын аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги билдирилди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар