Идлибдеги кырдаал курч бойдон
Режим күчтөрү мектеп жана мечитти бутага алды.
Сирияда Асад режими Идлибдеги жарандык отурукташуу жерлерине 8 күндөн кийин кайрадан кол салып 1 карапайым тургун көз жумду, 3 жаран да жаракат алды.
Кол салууларын улантып жаткан режим күчтөрү, кечээ Идлибдин Кефренбил району менен Жерженаз жергеси, Тух, Дейр-Шарки, Тель-Меннис, Маршимарин, Мааретхырме жана Шейх Мустафа айылдарын аткылашты.
Идлибдин жарандык коргонуу кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда, Кефренбил районунда мектеп жана мечит бутага алынды. Кол салууда 1 карапайым тургун көз жумуп, 3 жаран да жаракат алды.
Түркия менен Орусиянын ортосунда 2018-жылдын 17-сентябрында кол коюлган келишимден бери Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында 945 миң 992 жаран өз жеринен ажырады. Ушул эле мезгилде режим менен Орусиянын кол салууларынан 219у аял, 341и бала, 1 миң 282 жаран каза болду.
Тектеш кабарлар
Маргарита Роблес: «Израиль Газада чыныгы геноцид кылууда»
Роблес Испаниянын RTVE телеканалына: «Газада болуп жаткан окуялар чыныгы геноцид»,-деп айтты.