Японияда «Факсай» тайфунунун кесепеттери

«Факсай» шамалынын ылдамдыгы саатына 143 чакырымга жеткендиги билдирилди.

1265828
Японияда «Факсай» тайфунунун кесепеттери

Япониянын баш калаасы Токиону кыйраткан катуу шамалдан алгачкы белгилөөлөргө караганда бир киши каза болуп, ондогон киши жаракат алды.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Йошихиде Суга, борбор шаардын түндүк аймагы Тибадан өтүп шаардын борборуна жылган «Факсай» тайфунунун себебинен 50 жаштарындагы бир аялдын каза тапкандыгын айтты.

Суга катуу шамалдын аймакта электр жарыгынын өчүрүлүшүнө себеп болгонун, эртең мененки убактарда транспорттук тыгын жаратканын, поезд жана учак каттамдарынын токтотулгандыгын билдирди.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда да катуу шамалдан Тиба, Татеяма, Канагава, Ибараки жана Сидзуока шаарында кеминде 40 кишинин жаракат алгандыгы белгиленди.

Япониянын метеорология агенттиги, «Факсай» тайфунунун шамал ылдамдыгы саатына 143 чакырымга жеткендигин билдирди.

Корея жарым аралына таасирин тийгизген «Линглинг» тайфунун себебинен да жуманын аягында Түндүк Кореяда 5 киши каза болуп, 3 киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар