Франциядагы катуу ысыктын кесепети

Катуу ысыктан 1 миң 500дөн ашуун киши көз жумду.

1266008
Франциядагы катуу ысыктын кесепети

Францияда июнь жана июль айларында өлкөгө таасирин тийгизген ысык аба ырайынын себебинен 1 миң 500дөн ашуун киши каза болду.

28-июнда өлкөнүн түштүгүндө катталган 46 градустук жылуулук жаңы рекорд койду.

Франциянын саламаттык сактоо министри Агнес Бузин: «Бул айларда (июнь-июль) 1 миң 500дөн ашуун кишинин каза болгондугу катталды, б.а 2003-жылдагы катуу ысыктан 10 эсе дагы аз өлүм болду»,-деди.

Бузин, катуу ысыкка каршы чара көрүүлөрдүн 2003-жылдагы өлүм санынын азайышына жардамчы болгонун айтты.

Францияда 2003-жылы болгон жана 20 күнгө созулган катуу ысыктын айынан 15 миң киши көз жумган эле.



Тектеш кабарлар