Эл аралык Акча Фондунун жаңы башкаруучусу үчүн жашка коюлган чек жоюлду

Эл аралык Акча Фонду IMFге төрага болуп шайлануу жашын 65 жаш менен чектеген эреже жоюлду.

1264831
Эл аралык Акча Фондунун жаңы башкаруучусу үчүн жашка коюлган чек жоюлду

Эл аралык Акча Фонду IMFге төрага болуп шайлануу жашын 65 жаш менен чектеген эреже жоюлду.

Эл аралык Акча Фондунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Эл аралык Акча Фондунун башкаруу кеңеши добуш көптүгү менен фонддун азыркы эрежелерине караганда Эл аралык Акча Фондунун төрагалыгына шайлануу үчүн 65 жаш жана бул кызматты аткарып жатканда 70 жашынан өтпөө шартын жойду.

Маалыматта бул шарттын 1951 -  жылы киргизилгендиги эске салынып, төрагалыктан кеткен Кристин Лагарддын ордунун 4 -  октябрда толтурулары белгиленди.

Бул өзгөртүү 13 -  августта 66 жашына кирген жана Европа төрагалык үчүн сунуш кыла турган бир гана талапкер Болгария тектүү Дүйнө банкынын жогорку башкаруучусу Кристалина Георгиевнанын Эл аралык Акча Фондуна жаңы төрайым болушуна карата тоскоолдуктардын жоюлушу катары каралууда. Эл аралык Акча Фондунун билдирүүсүндө болсо бул темага байланыштуу эч бир маалымат берилген жок.

 

 



Тектеш кабарлар