Японияда поезд кырсыгы болду

Кырсыкта отуздан ашуун киши жараланды.

1264314
Японияда поезд кырсыгы болду

Японияда темир жол кесилишинде жүк ташуучу машина менен кагылышкан бир поезддин рельстен чыгышы менен алгачкы белгилөөлөргө караганда отуздан ашуун киши жараланды.

Киодо агенттигинин кабарына караганда полиция Йокохама шаарында поезддин Кеикю жолунда бир темир жол кесилишинде жүк ташуучу машина менен кагылышып рельстен чыккандыгын жарыялады.

Полиция поезддин көп сандаган вагону рельстен чыккан кырсыкта отуздан ашуун кишинин жаралангандыгын, эки кишинин абалынын оор экендигин белгиледи.

Кырсыкта жүк ташуучу машинанын от алгандыгын билдирген полиция оор жаралуулардын жүк ташуучу машинанын шоферу менен жыйырма жаштардагы бир аял жүргүнчү экендигин белгиледи.

Поезд кагылышкан учурда жүк ташуучу машинанын темир жол кесилишинде калгандыгы болжолдолууда.



Тектеш кабарлар