Орусиянын Ставрополь шаарында аскердик учак кырсыкка учурады
Кырсыкта 2 учкуч каза тапты.
1263784
Орусиянын Ставрополь шаарында аскердик учактын кырсыкка учурашы менен 2 учкуч каза тапты.
Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта кечээ Ставрополь шаарынын Советский районунда Су - 25 UB моделиндеги аскердик учактын кырсыкка учурагандыгы жана 2 учкучтун каза болгондугу билдирилди.
Буденновская аэропортунан учкан учактын машыгуу үчүн учкандыгы белгиленди.