Сахель өлкөлөрү менен конференция өткөрүлөт

«Чоң жетиге» (G7) мүчө өлкөлөрдүн саммитинен кийин Ангела Меркель маалымат берди.

1258257
Сахель өлкөлөрү менен конференция өткөрүлөт

 

Германиянын канцлери Ангела Меркель Сахель өлкөлөрү менен (Сенегал, Мавритания, Мали, Буркина-Фасо, Нигер, Нигерия, Чад, Судан жана Эритрея) жылдын аягына чейин конференция өткөрүлө турганын билдирди.

Франциянын Биарриц шаарында «Чоң жетиге» (G7) мүчө өлкөлөрдүн саммитинин алкагында «Чоң жетинин Африка менен өнөктөштүгү» темалуу отурумдан кийин Франциянын президенти Эмануэль Макрон жана Буркина-Фасонун президенти Рох Марк Кристиан Каборе менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Канцлер Меркель, африкалык өкүлдөрдүн саммитке катышуусунун теманын канчалык чукул экендигин көрсөткөнүн белгилеп, Сахель аймагында тынчсыздандыруучу окуялардын болуп жатканын айтты.

«Начарлаган коопсуздук абалга туш болдук. Коопсуздук болбостон өнүгүү болбой турганын билебиз» деген Меркель, аймактагы коопсуздуктун арттырылуусу керектигин билдирди.

Сахель аймагындагы өлкөлөргө колдоо көрсөтүлүшүн жана күтүүлөрүнө жооп берилишин каалаган Меркель бул өлкөлөр менен жылдын аягына чейин конференция өткөрүлө турганын жана иш алып баруу программасы түзүлөөрүн айтты.



Тектеш кабарлар