Чоң жетинин 45-саммити

Саммиттин күн тартиби абдан тыгыз.

1258560
Чоң жетинин 45-саммити

 

Чоң жетинин (G7) 45-саммити уланууда.

Франциянын Биарриц шаарында өтүп жаткан саммиттин күн тартиби абдан тыгыз.

Сирия, Брексит, Ливия жана Амазондордогу токой өрттөрү каралган саммиттин экинчи күнүндө Иран темасы басымдуулук кылды.

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын чакыруусу боюнча Биаррицке барды.

Елисей сарайынын билдирүүсүнө караганда эки министр Тегеран-Вашингтон багытындагы чыңалуунун азайтылышы үчүн керектүү шарттарды сүйлөшүшөт. Дональд Трамп жана АКШ делегациясы менен болсо кандайдыр бир жыйын пландалбай эле.

Ал эми Франциянын президенти Эмануэль Макрон Иран темасында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берип, Чоң жетиге мүчө өлкөлөрдүн Иран менен атомдук программасы боюнча кайрадан сүйлөшүүгө ачык экендерин айтты.  



Тектеш кабарлар