Түндүк Кореянын эскертүүсү

Түндүк Корея Түштүк Кореяны айыптады.

1256689
Түндүк Кореянын эскертүүсү

 

Түндүк Корея Түштүк Кореянын АКШ менен өткөргөн биргелешкен машыгууларынын жана бул өлкөдөн курал сатып алуусунун Корея жарым аралында тынчтыкка бөгөт болушу мүмкүн деп эскертти.

UPI сайтынын маалыматына караганда, Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, Түштүк Кореянын коркунучтуу жана кызыктай аскердик кадамдарын, өзгөчө АКШдан F-35A учактарын сатып алуусун айыптады.

Катчы курал соодасын оор провокация деп сыпаттап, АКШнын Коргоо министрлигинин жаңы үлгүдөгү Томагавк ракетасын сыноосун, Вашингтон башкаруучулугунун Япония жана Тайванга F-35B жана F-16V согуштук учактарды сатуу пландарын да айыптады.

Аскердик түзүмдөштүрүүнүн Корея жарым аралында туруктуу тынчтыктын камсыздалышы үчүн диалог динамикаларын азайткандыгын, ушундан улам Түндүк Кореянын ага тоскоол болуучу чараларды көрө турганын баса белгилеген катчы: «Бир канча жолу биргелешкен машыгуулардын жана Түштүк Кореяда аскердик күчтөрдүн көбөйтүлүшүнүн Корея жарым аралында ыраттуулукка жана тынчтыкка зыян тийгизүүчү коркунучтуу кыймалдар экенин баса белгиледик»,-деди.

Сеул башкаруучулугу, АКШдан 40 даана F-35A учагын сатып алуу үчүн буйуртма берген эле. Алардан экөөнү тапшырып алган Түштүк Кореяга баардык учактардын 2021-жылга чейин жөнөтүлүшү пландалып жатат.



Тектеш кабарлар