Помпео даниялык кесиптеши менен сүйлөштү
Эки өлкөнүн кандай байланыштары бар?
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, өлкөсү менен Даниянын ортосундагы коопсуздук кызматташтыгын мактады.
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Морган Ортагус журналисттерге берген маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамп Данияга сапарын жойгондон кийин Помпеонун тышкы иштер министр Жеппе Кофод менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.
Отагус Помпеонун сүйлөшүүдө АКШнын шериктештеринин бири болгон Дания менен болгон кызматташтыгын жана Даниянын дүйнөлүк коопсуздукка салымын мактагандыгын белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда Гренландия менен катар Арктика аймагындагы кызматташты күчтөндүрүү темасынын каралгандыгын билдирди.
Кофод да Твиттер баракчасынан эки өлкөнүн ортосунда күчтүү байланыштар бар экенин, АКШ менен Даниянын жакын дос жана шериктеш экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.