Иран өзү өндүргөн абадан коргонуу системасын таанытты

Анын Орусиянын С-300 системасынан дагы күчтүү жана С-400гө өтө жакын экендиги айтылууда.

1256767
Иран өзү өндүргөн абадан коргонуу системасын таанытты

 

Иран, Орусиянын С-300 системасынан дагы күчтүү жана С-400гө жакын экендиги айтылган алыс аралыктуу абадан коргонуу системасын көрсөттү.

Ирандын «Baver 373» деп аталган жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлгөн алыс аралыкка жетүүчү абадан коргонуу системасы, баш калаа Тегеранда президент Хасан Руханинин катышуусундагы азем менен таанытылды.

Рухани аземдеги сөз сүйлөөсүндө, «Baver 373» абадан коргонуу системасынын С-300дөн дагы күчтүү жана С-400гө өтө жакын деңгээлде экенин белгиледи.

Ирандык жетекчилер тарабынан Орусиянын С-300 абадан коргонуу системасынан дагы күчтүү экендиги айтылган «Baver 373түн» 200 чакырым алыстыктагы жана 27 километр бийиктиктеги буталарды жок кыла ала тургандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар