Канаданын билдирүүсү

Канада, Асад режими жана Орусияга таандык согуштук учактардын абадан операцияларын айыптады.

1255855
Канаданын билдирүүсү

 

Канада, Сирияда Башар Асад режими жана Орусияга таандык согуштук учактардын Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы жерлерге жүргүзгөн абадан операцияларын айыптады.

Сирияда Башар Асад режими жана Орусияга таандык согуштук учактардын Идлиб Чыңалууну азайтуу аймагындагы жерлерге карай абадан кол салуулары боюнча Канаданын Тышкы иштер министрлиги Твиттерден өз билдирүүсүн жарыялады.

Канаданын Сириядагы түрк аскердик конвоюна кол салууну жана жарандарга карай күч колдонуунун күчөгөндүгүн айыптагандыгы белгиленген билдирүүдө: «Асад режими жана шериктештери, Идлибдеги абадан кол салууларын токтотуусу керек жана ок атышпоого кайтуусу зарыл. Баардык тараптарды, чыңалууну басаңдатуу аракеттерине урмат-сый көрсөтүүгө чакырабыз»,-делди.



Тектеш кабарлар