Израиль Газадагы палестиналыктарды башка өлкөлөргө көчүүгө үндөөдө

Бул туурасында «Едиот Аронот» гезити жазып чыкты.

1255137
Израиль Газадагы палестиналыктарды башка өлкөлөргө көчүүгө үндөөдө

 

Израиль өкмөтүнүн, өткөн жылдан бери палестиналыктарды башка өлкөлөргө көчүүгө үндөгөндүгү билдирилди.

«Едиот Аронот» гезитинин аты-жөнүн айтпаган өкмөттүн кызматкерине таянып берген кабарында, Тель-Авив башкаруучулугунун өткөн жылдан бери Газадагы палестиналыктарды башка өлкөлөргө көчүүгө үндөгөндүгү белгиленди.

Бул иш аракеттин бир жыл мурда Израиль кабинетинде күн тартипке коюлгандыгын айткан кызматкер, ушул алкакта Израилдин түштүгүндөгү Негевте Газадан көчүп кеткиси келгендер үчүн аэропорт салуунун пландалганын сөз кылды.

Израилдин Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн өлкөнүн эшигин кагып бул адамдарды кабыл алуусун сурангандыгы бирок ушул учурга чейин ал өлкөлөрдөн жооп ала албагандыгы айтылды.

Гезиттин кабарына караганда 2018-жылы эле 35 миң палестиналык Газадан башка жерге көчүп кетти.



Тектеш кабарлар