Израиль Газага аскердик операция жүргүзүүгө даярданып жатат

Бул туурасында Штайниц маалымат берди.

1254884
Израиль Газага аскердик операция жүргүзүүгө даярданып жатат

 

Израилдин энергетика министри Юваль Штайниц, курчоо астындагы Газа тилкесине кеңири масштабдуу аскердик операция жүргүзүүгө даярданып жаткандарын айтты.

Штайниц Израиль радиосуна берген маалыматында аймактагы кырдаалга сереп салды.

Израилдин Сириядагы Иран буталарына карай ачык же жашыруун көп сандаган кол салууну ишке ашыргандарын мойнуна алган Штайниц: «Газага ири масштабдуу аскердик операция жүргүзүүгө даярданып жатабыз бирок дагы башка багытыбыз бар ал болсо Ирандын Сирияга жайгашуусуна бөгөт болуу»,-деп айтты.

Газа тилкеси 2008-жылы, 2012-жылы жана 2014-жылы Израиль армиясынын үч башка кеңири масштабдуу операцияларына дуушар болуп, бул кол салууларда көпчүлгү карапайым тургундардан турган 3 миң 700дөн ашуун адам шейит болгон эле.



Тектеш кабарлар