Израиль менен БАЭ жашыруун жыйындарды өткөрүп жатышат

Алар Иранды коркунуч катары эсептешет.

1253369
Израиль менен БАЭ жашыруун жыйындарды өткөрүп жатышат

 

Израиль менен Бириккен Араб Эмирликтеринин АКШ аркылуу коркунуч катары эсептешкен Иран темасында жашыруун жыйындарды өткөрүп жаткандары айтылууда.

«Wall Street Journal» гезитинин АКШлык кызматкерлерге таянып берген маалыматына караганда, Израиль менен Бириккен Араб Эмирликтеринен жооптуу кызматкерлер күчөгөн Иран коркунучуна каршы маалымат бөлүшүү жана координация үчүн жашыруун жыйындарды жүргүзүштү.

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук тарабынан уюштурулган жыйындардын биринчиси жазында, экинчисинин болсо бир канча күн мурда өткөрүлгөндүгү белгиленди.

АКШлык кызматкерлер, Израиль менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн Иран менен болгон карым-катнаштарда дипломатиялык, аскердик жана чалгындоо тармактарындагы кызматташтыкты арттырууну максаттаганын билдиришти.

Араб өлкөлөрүнүн ортосунда өзгөчө Израиль-Палестина маселеси темасындагы келишпестиктерден улам Израилдин жалгыз гана Египет жана Иордания менен  дипломатиялык карым-катнаштары бар.



Тектеш кабарлар