512 жаштагы акула

Учурда илимпоздор узак жашоого мүмкүнчүлүк берген гендерди табуу үчүн ушул акуланын ДНКсын иликтеп жатышат.

1253054
512 жаштагы акула

 

Илимпоздор Гренландияда 512 жашта деп божомолдонгон акуланы аныкташты.

Британ «The Sun» гезитинин кабарына караганда проф. Ким Пребел, бул акуланын жашаган эң картаң омурткалуу жаныбар экенин айтты.

Акуланын 1505-жылы туулган болушу мүмкүн экени божомолдонууда.

Анын жашы боюна жараша эсептелет, анткени Гренландия акулалары жыл сайын орто эсеп менен бир сантиметр өсөт.

Бул акуланын бою болсо 5,4 метр.

Учурда илимпоздор узак жашоого мүмкүнчүлүк берген гендерди табуу үчүн ушул акуланын ДНКсын иликтеп жатышат.

Түндүк Атлантика жана Түндүк муз океанынын муздак сууларында жашаган бул акула түрү кеминде 272 жыл жашайт.



Тектеш кабарлар