Пакистан БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул чогулушка чакырды

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши, БУУнун Коопсуздук кеңешине Жамму Кашмир темасында чукул чогулуусу боюнча кат жөнөткөнүн билдирди.

1252320
Пакистан БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул чогулушка чакырды

Пакистан, Жамму Кашмирде Индиянын жүргүзгөн чектөөлөрү жана Жамму Кашмирдин өзгөчө статусун өзгөртүүгө карай чечими тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешине чукул чогулуу чакырыгын салды.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши, БУУнун Коопсуздук кеңешине Жамму Кашмир темасында чукул чогулуусу боюнча кат жөнөткөнүн белгилеп, Индия өкмөтүнүн акыркы опузалуу мамилесинин Жамму Кашмирдин эл аралык аренада таанылган автономиялуу статусуна атайылап зыян тийгизүү максатында экенин айтты.

Курейши, Индиянын Жамму Кашмирдин статусу тууралуу чыгарган чечиминин аймактык жана эл аралык тынчтыкты коркунучка салганын баса белгилеп, бул чечимдердин аймакта этникалык тазалоо сыяктуу кыймылдарга себеп боло турганын билдирди.

Бир тараптан БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезектеги төрагалыгын жүргүзгөн Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович, Пакистан жана Индиянын ортосундагы чыңалуунун бүтүндөй Түштүк Азия аймагына таасир тийгизе турганын, каттын БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда талкууга салына турганын айтты.

Индия, жарым кылымдан ашык убакыттан бери Жамму Кашмирге өзгөчөлүк тааныган Конституциянын 370-беренесин жоюп, аймактын өзгөчө статусунун түзүлүшүн жойгон.

Индияда Жамму Кашмирди эки аймакка бөлгөн «Жамму жана Кашмирдин кайрадан курулуусу сунушу» алгач федералдык парламенттин жогорку баскычы Раджа Сабхадан (Провинциялар мажлиси), андан соң федералдык парламенттин астыңкы баскычы Лок Сабхадан (Элдик мажлистен) өткөн.

Бул чыгарылган чечимди айыптаганын жарыялаган Пакистан бийлиги, Индия менен дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин төмөндөтүү чечимин чыгарган жана Индиядан Исламабаддагы элчисин чыгарып кетүүсүн талап кылган.

Пакистан, Индиянын Жамму Кашмирге өзгөчөлүк берген конституция беренесин жоюп аймкактын автономиялуу статусун жойгонуна каршы бул өлкө менен соода карым-катнаштарын расмий түрдө токтоткон.



Тектеш кабарлар