Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга эскертүү

Түндүк Корея Түштүк Кореяны Корея жарым аралында араздашууну арттыруунун «жыйынтыктарына чыдайт» деп эскертти.

1250707
Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга эскертүү

Түндүк Корея АКШ менен биргелешкен аскердик машыгуу жана жогорку технологиялуу АКШ аскердик учактарын жайгаштырды деген негиз менен Түштүк Кореяны Корея жарым аралында араздашууну арттыруунун «жыйынтыктарына чыдайт» деп эскертти.

Йонхап агенттигинин Түндүк Корея расмий маалымат агенттиги KCNAга таяндырып берген кабарына караганда Түндүк Кореянын Тынчтыкчыл Биригүү Комитетинен берилген маалыматта Түштүк Кореянын чет өлкөлөр менен өткөргөн биргелешкен аскердик машыгуусун Корея жарым аралындагы араздашуунун күч алышынын негизги себеби экендиги жана эки өлкөнүн ортосундагы карым- катнаштардын өнүгүшүнө тоскоол болгондугу белгиленди.

Маалыматта : «Түндүк жана Түштүк Кореянын Панмунжом билдирүүсүнүн ишке ашырылышына байланыштуу аскердик тармактагы келишимдеринде кургактыктан, деңизден жана бардык башка тармактарда аскердик араздашуулардын жана келишпестиктердин негизги себебин түзгөн душманча кыймылдарын толугу менен токтотуу тууралуу макулдашылгандыгы» бирок Түштүк Корея мекемелеринин чет элдиктер менен кызматташуу ичинде «түндүктү бутага алган кол салуу машыгууларын өткөргөндүгү» белгиленди.



Тектеш кабарлар