Жамму Кашмирде 500 киши кармалып кетти

Индияда Жамму Кашмир аймагы тууралуу келип жеткен абалдардан кийин чыңалуу күчөп жатканда бир киши каза тапканы окуяларда кеминде 500 кишинин кармалып кетени маалымдалды.

1250292
Жамму Кашмирде 500 киши кармалып кетти

Индияда Жамму Кашмир аймагы тууралуу келип жеткен абалдардан кийин чыңалуу күчөп жатканда бир киши каза тапканы окуяларда кеминде 500 кишинин кармалып кетени маалымдалды.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган маалыматка караганда Индиянын Жамму Кашмирди экиге бөлүү жана провинциянын өзгөчө статусун жоюу чечими тууралуу аймакта чыңалуу уланып жатканда полициядан качкан бир демонстранттын Желум дарыясына секиргени жана көз жумганы маалымдалды.

Аймакта ыктымалдуу зомбулук окуяларына бөгөт болуу үчүн акыркы бир канча күндө арасында саясатчы жана активисттер да орун алган кеминде 500 кишинин коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалып кеткени белгиленди.

Индиянын басма сөзүндө Жамму Кашмирдин Ражори аймагында Индия жана Пакистандын аскерлеринин ортосунда эки тараптуу ок атылганы белгиленди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинун Жамму Кашмир темасы тууралуу бүгүн элге кайрылып сөз сүйлөшүү күтүлүүдө.


Этикеткалар: #Индияда , #Жамму Кашмир

Тектеш кабарлар