Грузия Путинге Абхазия тууралуу каршылык көрсөттү

Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Владимер Костантинид Путиндин Хажимба менен жолугушуусуна Орусиянын Грузияга жасаган баскынчылык саясатынын уландысы деп баа берди.

1250248
Грузия Путинге Абхазия тууралуу каршылык көрсөттү

 Тбилиси Орусиянын президенти В. Путиндин Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Абхазиянын мамлекет башчысы Раул Хажимба менен жолугушуусуна каршылык көрсөттү.

Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Владимер Костантинид Путиндин Орусиянын Сочи шаарында Хажимба менен жолугушкандыгына байланыштуу  маалыматында  жолугушуунун Орусиянын Грузияга жасаган баскынчылык саясатынын уландысы экендигин жактады.

Константинид : «Грузия менен Орусиянын ортосунда 2008 -  жылы августтагы согуштун 11 -  жылында В. Путиндин Сохум режиминин лидери менен жолугушуусу, баскынчы режимин мыйзамдаштыруу жана мыйзам тышы бир демилге»,- деп баа берди.

«Орусиянын бул кыймылы Грузиянын эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүн бутага алууда жана эл аралык мыйзамдын негизги принциптерин тебелеп жатат»,- деген Костантинид эл аралык коомдун да Грузиянын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин так түрдө колдогондугун эске салды.



Тектеш кабарлар