Сирияда Башар Асад жерлерди басып алууну улантууда
Бир тараптан байкоо үйүнөн берилген маалыматта Орусияга таандык аскердик учактарынын Зекат айылына кол салууну уланткандыгы билдирилди.
Сирияда Башар Асад режими Орусиянын абадан берген колдоосу менен Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын түштүк батышында акыркы эки жумадан бери жасап жаткан кол салууларын ылдамдатты.
Оболу Хама облусунун түндүк батыш элетиндеги Тел Мелех жана Жуббейн айылдарын алган режим кечээ кеч сааттарда катуу кагылышуулардын натыйжасында Эрбаин айылын да Эркин Сирия Армиясынан алды.
Режим күчтөрү азыркы учурда Зекат айылына карай багыт алды. Айылдын ичтерине карай кеткен режим күчтөрү Зекатты да колго алды, Кефер Зита жана Латамине райондорунун ортосундагы байланышты да үзгөн болот.
Бир тараптан байкоо үйүнөн берилген маалыматта Орусияга таандык аскердик учактарынын Зекат айылына кол салууну уланткандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.