Исламабадда Жамму Кашмир тууралуу чечимге каршылык көрсөтүлдү

Жамааттык Ислам партиясы (ЖИП) менен Кашмир үчүн Эл аралык жаштык форуму лобби группасы тарабынан уюштурулган чогулушка көптөгөн саясатчы, активист жана жарандар катышты.

1249251
Исламабадда Жамму Кашмир тууралуу чечимге каршылык көрсөтүлдү

Индиянын көзөмөлүндө болгон Жамму Кашмирге өзгөчө статус берген 370-беренени жоюу жөнүндөгү мыйзам сунушу  Пакистандын борбору Исламабадда каршылык жаратты.

Жамааттык Ислам партиясы (ЖИП) менен Кашмир үчүн Эл аралык жаштык форуму лобби группасы тарабынан уюштурулган чогулушка көптөгөн саясатчы, активист жана жарандар катышты.

Наразычылык акциясына катышкандарга кайрылган Жамааттык Ислам партиясынын облус башчысынын орун басары Миан Мухаммед Аслам Пакистандын көзөмөлүндөгү Азад Кашмирдин премьер-министри Раджа Фарух Хайдар Ханга кайрылып: “Раджа Фарух Кашмирдиктердин укугун коргоо үчүн кадам таштаса, биз да аны колдойбуз. Чыгып Кашмирдин укугун коргоңуз”,-деди.

Аслам, Индиянын аймактагы мечиттерди кулаткандыгын, бирок индустардын аймактагы үстөмдүгүн камсыздаганын билдирди.

Нөшөрлөгөн жамгырга карабай каршылык көрсөткөндөр “ Мен кашмирдикмин жана келечегимди өзүм чечем. Индия Кашмирди Сирияга окшоткусу келип жатат жана 370-берененин жоюлушу Жамму Кашмирге кандай зыян келтирсе Индияга да ошондой зыян келтирет,”деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.



Тектеш кабарлар