Боснияда адамды ирээнжиткен кол салуу болду

Горний Вакуфта, айрым босняктардын үйлөрүнүн дубалдары жана унааларына кресттер чийилип, Сребреница геноцидинин курмандыктарынын жакындарын жаралоочу сөздөр жазылды.

1248567
Боснияда адамды ирээнжиткен кол салуу болду

Босния-Герцеговинанын ортоңку аймагындагы Горний Вакуфта, айрым босняктардын үйлөрүнүн дубалдары жана унааларына кресттер чийилип, Сребреница геноцидинин курмандыктарынын жакындарын жаралоочу сөздөр жазылды.

Ортоңку Босния кантонунун полициясынын маалымдашынча Крупа айылындагы 5 унаага жана үйлөрдүн дубалдарына нацисттердин символу болгон кресттер чийилгени жана Сребреница геноцидине байланыштуу курман болгондордун жакындарын жаралоочу сөздөр жазылган.

Мурдагы түнкү сааттарда болгон кол салуу тууралуу териштирүү баштатылганы билдирилди.

Кол салуунун жабырлануучуларынан Мухаммед Поквич, үйүнүн дубалдарына жазылгандардын себебинен абдан капа болгонун билдирип, “Хорват коңшуларыбыз бар. Алар менен биздин арабыз абдан жакшы. Бул болгондордун айынан биздин бетибизди карай алышкан жок”,-деди.

Айылдын башкаруучуларынан Анто Батинич да кол салууну айыптаганын белгилеп, кылмышкерлердин тез арада табылып жазаландырылышын талап кылды.



Тектеш кабарлар