Трамп Венесуэлага блок коюу же болбосо карантинди ойлогонун билдирди

Ак үйдүн бакчасында медиа кызматкерлеринин суроолоруна жооп берген Трамп, көпкө созулган убакыттан кийин алгач ирет Венесуэла туурасында маалымат берди.

1246572
Трамп Венесуэлага блок коюу же болбосо карантинди ойлогонун билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп, Венесуэлага блок коюу же болбосо карантинди ойлой ала турганын белгиледи.

Ак үйдүн бакчасында медиа кызматкерлеринин суроолоруна жооп берген Трамп, көпкө созулган убакыттан кийин алгач ирет Венесуэла туурасында маалымат берди.

Трамп: «Венесуэлага блок коюу же болбосо карантинаны ойлоп жатасызбы?» деген суроого, «Ооба, ойлоодомун»,-деп жооп берди.

Трамп, тема тууралуу башка суроолорго жооп берген жок.

АКШ бийлиги, Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадурону мыйзамдуу көрбөгөн, өзүн убактылуу президент деп жарыялаган, оппозициядагы Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо жетектеген оппозициячылдарга колдоо көрсөтүүдө.

АКШ, тарыхынын эң олуттуу саясий кризисин башынан өткөргөн Венесуэланы бир канча жолу аскердик кийлигишүү менен коркуткан.


Этикеткалар: #Венесуэла , #Трамп

Тектеш кабарлар