Иран Болтонду күнөөлөдү

Мухаммед Жеват Зариф, твиттер баракчасынан Трамптын “Иран бир дагы согушта ийгиликке жете албады, бирок эч бир талкууда жеңилген жок”-деп айткан сөзүнө “Ирандыктар миңдеген жылдар бою бардык кол салуучуларды артка калтырып келет”,- деп жооп берди.

1245455
Иран Болтонду күнөөлөдү

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трампка Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтондун “согушту эңсөөсүн” токтотуусун сунуштады.

Мухаммед Жеват Зариф, твиттер баракчасынан Трамптын “Иран бир дагы согушта ийгиликке жете албады, бирок эч бир талкууда жеңилген жок”-деп айткан сөзүнө “Ирандыктар миңдеген жылдар бою бардык кол салуучуларды артка калтырып келет”,- деп жооп берди.

Болтондун 2017-жылы жазган макаласынын сүрөтүн бөлүшүп, анын да дал ушул сөздөрдү колдонгонун айтып, Трамп Болтон тарабынан жаңылтылып жатканын билдирген Зариф: “Дональд Трамп “Б” Тобунун жасалма тарыхынан жана согушту эңсөөсүнөн баш тарт. Дипломатия акыл эстүүлүк жана эч качан алсыздык эмес”,-деди.

Зариф өзгөчө, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кийлигишүүлөрү жана басып алуулары аймакта кан көлдөткөнүн айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп твиттерде “ Бизге белгилүү болгондой, Иран эч бир согушта жеңген жок, бирок бир дагы сүйлөшүүдө жеңилген жок”,-деп жазган.

АКШнын 2003-жылдагы Ирак басып алуусунун уюштуруучуларынын бири, ителги сыпаты менен таанылган Болтондун Трампты Иранга карай аскердик кол салууга үгүттөгөнү айтылууда. Трамп болсо жакын арада Болтон жөнүндө берген маалыматында “ Эң сонун иш аткарууда, бирок Жакынкы Чыгыш темасы боюнча тез-тез түшүнүшө албай жатабыз”,-деди.

Зариф, Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Болтон, Израилдин президенти Беньямин Нетаньяху, Сауд Аравиянын муоакор канзаадасы Мухаммед бин Салман жана Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Мухаммед бин Заидти “ Б тобу” деп атаган.



Тектеш кабарлар