Сирияда кол салуу уланууда

Сирияда, Асад режими жана Орусияга таандык согуштук учактарынын Идлиб чыңалууну азайтуу аймагына кечээ күн бою уланткан абадан кол салууларында көз жумган жергиликтүү тургундардын саны 15ке жетти.

1244836
Сирияда кол салуу уланууда

Сирияда, Асад режими жана Орусияга таандык согуштук учактарынын Идлиб чыңалууну азайтуу аймагына кечээ күн бою уланткан абадан кол салууларында көз жумган жергиликтүү тургундардын саны 15ке жетти.

Оппозицияга таандык учак байкоочу үйү тарабынан, Асад режиминин Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын чек араларына, анын ичиндеги  Хама облусунун Латмин айылына, Орусиянын болсо Кефер Зита районуна абадан кол салуулары болгону билдирилди.

Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматтар боюнча, эртең менен болгон абадан кол салууда Хаманын Кефир Зита районунда 5 жана Латмин айылында 2 болуп, жалпысынан 7 тургун көз жумду.

Режим жана Орусиянын кечки убактарда болгон кол салууларында бир кызматкердин жана жергиликтүү 8 жашоочунун каза  болушу менен өлгөндөрдүн саны 15ке жетти.

Абадан кол салуу жүрүп жаткан учурда, өлүм санынын көбөйүшү кооптонууну жаратууда.

Орусия жана Асад режиминин Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында  акыркы бир жумада катталган кол салууларынан каза болгондордун саны 123төн ашты.

Түркия жана Орусиянын 2018-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Идлиб келишиминдеги ок чыгарбоо эрежесин Асад режими жана колдоочуларынын бузуп, кол салууларынын себебинен 553 миңден ашык жергиликтүү тургундар жеринен ажырады.

 Сирия Адам Укуктары Уюму ( SNHR), Башар Асад жана анын колдоочуларынын Идлиб чыңалууну азайтуу аймактарына 26-апрелден 12-июлга чейин жүргүзүлгөн кол салуулардан 157 жаш бала, 111 аял болуп бардыгы 606 жергиликтүү тургундар көз жумган.



Тектеш кабарлар