Орусия АКШны мунай зат уурдап жатканы менен күнөөлөдү

Орусиянын Башкы штаб төрагалыгынын башкы кыймыл штабынын башчысы Сергей Рудской, Коргоо министрлигинде өткөргөн маалымат жыйынында буларга токтолду.

1244534
Орусия АКШны мунай зат уурдап жатканы менен күнөөлөдү

Орусиянын Башкы штаб төрагалыгынын башкы кыймыл штабынын башчысы Сергей Рудской, АКШнын Евфрат дарыясынын чыгыш жагында мунай зат уурдоого жооп иретинде күрт жана арабдарга курал жардамын бергенин айтты.

Рудской, Коргоо министрлигинде өткөргөн маалымат жыйынында Сириядагы абал тууралуу маалымат берди.

Сириядагы АКШ аскердик бөлүктөрүнүн Евфрат дарыясы аймагындагы мунай зат аянттарын тоноп жатканын белгилеген Рудской: «АКШ бөлүктөрү, террористтерге билим берүүдөн башка, Сирия бийлигине таандык жана Евфрат аймагында орун алган мунай зат аянттарын тоноо менен алектенүүдө»,-деди.

Акыркы убактарда Сирияда АКШлык жеке менчик фирмаларга таандык аскер санынын артканына көңүл бурган Рудской, бул аймактагы АКШлык жеке менчик аскер санынын 3500дөн көп болгонун айтты.

Рудской: «Евфраттын чыгыш жагында орун алган мунай зат аянттарында мунай зат өндүрүү жана сатуу уюштурулган абалда. Сириянын улуттук байлыгы уурдалууда. АКШнын Евфрат аймагында аскердик бөлүктөрүнүн санынын артышы санааркатууда. АКШ, мунай зат уурдоого жооп иретинде күрт жана арабдарга курал жардамын берүүдө, андан кийин буларды бири-бирине каршы үгүттөп жатат. Булардын бардыгы аймактагы абалды начарлатууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар