Кытай Чыгыш жана Түштүк Кытай деңизинде машыгуу өткөрүүдө

Машыгуу үчүн тандалган деңиз аянттарына кирүүгө тыюу салынды.

1244101
Кытай Чыгыш жана Түштүк Кытай деңизинде машыгуу өткөрүүдө

 

Кытай Чыгыш Кытай жана Түштүк Кытай деңизинде аскердик машыгуу өткөрүп жатат.

Кытайдын Цицян жана Гуандун аймактарына караштуу Деңиз коопсуздук башкармалыктарынын эки башка багыттагы эскертүүлөрүндө, бирөө Чыгыш Кытай деңизиндеги Цицян аймагынын жээктеринде, экинчиси Түштүк Кытай деңизиндеги Фуцзянь жана Гуандун аймактарынын жээктеринде аскердик машыгуу өтүп жатканы белгиленди.

Координаттары берилген аймактардан, Чыгыш Кытай деңизиндеги машыгуунун кечки убактарда башталгандыгы жана 1-августка чейин улана тургандыгы билдирилди.

Түштүк Кытай деңизиндеги машыгуунун болсо эртең мененки убактарда башталганы жана 2-августта аяктай турганы маалымдалды.

Өзгөчө машыгуу үчүн тандалган деңиз аянттарына кирүүгө тыюу салынгандыгы белгиленди.

Чыгыш Кытай деңизиндеги машыгуу аянты Тайвань аралынын түндүгүндө орун алса, Түштүк Кытай деңизиндеги машыгуу аянты аралдын батышында жайгашкан. Ал эми машыгууларда кандай сценарийлер аткарылаары жана кайсы бөлүктөр катыша тургандыгы жөнүндө маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар