Башар Асад режими жана Орусиянын учактары Идлибге кол салууда

Оппозицияга таандык байкоочу учагы тарабынан , Асад режиминин Идлиб чыңалууну азайтуу аймактарынын чек араларына, анын ичиндеги  Хама облусунун Латмин айылына, Орусиянын болс Кефер Зита районуна абадан кол салуулары болгонун билдирилди.

1244388
Башар Асад режими жана Орусиянын учактары Идлибге кол салууда

Сириянын Башар Асад режими жана Россияга таандык согуштук учактарынын Идлиб чыңалууну азайтуу аймактарына абадан кол салууларында 7 жергиликтүү жашоочу көз жумду.

Оппозицияга таандык байкоочу учагы тарабынан , Асад режиминин Идлиб чыңалууну азайтуу аймактарынын чек араларына, анын ичиндеги  Хама облусунун Латмин айылына, Орусиянын болс Кефер Зита районуна абадан кол салуулары болгонун билдирилди.

Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматтар боюнча, эртең менен жүргузүлгөн абадан кол салууда Хаманын Кефир Зита районунда 5 жана Латмин айылында 2 болуп, жалпысынан 7 тургун көз жумду.

Абадан кол салуу жүрүп жаткан учурда, өлүм санынын көбөйүшү кооптонууну жаратууда.

Орусия жана Асад режиминин Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында  акыркы бир жумада катталган кол салууларынан каза болгондордун саны 115тен ашты.

Туркия жана Орусиянын 2018-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Идлиб келишиминдеги ок чыгарбоо эрежесин Асад режими жана колдоочуларынын бузуп, кол салууларынын себебинен 553 миңден ашык жергиликтүү тургундар жеринен ажырады.

 Сирия Адам Укуктары Уюму ( SNHR), Башар Асад жана анын колдоочуларынын Идлиб чыңалууну азайтуу аймактарына 26-апрелден 12-июлга чейин жүргүзүлгөн кол салуулардан 157 жаш бала, 111 аял болуп бардыгы 606 жергиликтүү тургундар көз жумган.



Тектеш кабарлар