Австралияда кичинекей учак кырсыкка учурады

Учактагы эки киши жараланды.

1244391
Австралияда кичинекей учак кырсыкка учурады

Австралияда кырсыкка учураган кичинекй учактагы эки киши жараланды. Алардын бирөөсү аял болгон.

Полициядан берилген маалыматка караганда Түштүк Австралия провинциясынын түндүгүндөгү Уильям Крик аймагында эки киши болгон кичинекей учак бош аянтка түштү.

Конууга өткөн учурда кырсыкка учураган учактан жаралуу кутулган жана ысымдары билдирилбеген 54 жаштагы эркек учкуч менен 53 жаштагы аял жүргүнчү тез жардам тик учары менен Аделаидедеги ооруканага жаткырылды.

Жаралуулардын саламаттыгына байланыштуу кооптуу нерсенин жок экендиги бидирилди.



Тектеш кабарлар