АКШда фестиваль учурунда куралдуу кол салуу болду

Кол салгыч элге туш келди ок атты.

1243916
АКШда фестиваль учурунда куралдуу кол салуу болду

 

АКШнын Калифорния штатындагы тамак-аш фестивалы учурунда болгон куралдуу кол салуудан кеминде 3 киши каза таап, 12 киши жаракат алды.

АКШ медиасында орун алган кабарларга караганда, Калифорниянын түндүгүндө жыл сайын жайкысын өткөрүлгөн Гилрой Сарымсак фестивалында куралдуу кол салуу болду.

Жооптуу кызматкерлер кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 кишинин каза тапкандыгын, 12 кишинин жаракат алгандыгын маалышдашты.

Окуя болгон жерге полиция жана тез жардам унаалары жөнөтүлүп, жаракат алгандардын чөйрөдөгү ооруканаларга жеткирилгендиги, кол салгычтын азырынча кармала электиги белгиленди.

Каза тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн экени санаркатууда.

Көргөн күбөлөр кол салгычтын 30 жаш курактарындагы эркек киши экенин жана жарым автоматтык курал менен туш келди ок аткандыгын айтышты.



Тектеш кабарлар