Качкындар түшкөн кеме деңизде оодарылды

150гө жакын качкындын жоголгондугу билдирилди.

1242849
Качкындар түшкөн кеме деңизде оодарылды

Либия жакындарында качкындарды ташыган кеменин оодрылышы менен 145 киши куткарылып, 150гө жакын качкындын жоголгондугу билдирилди. 

БУУнун Эл аралык миграция уюмунун твиттер эсебинен берилген маалыматта Жер Ортолук деңиздин Ливияга жакын жеринде качкындарды ташыган кеменин оодарылып кеткендиги белгиленди. 

Берилген маалыматта 150гө жакын качкындын жоголгондугу жана 145тен ашуун качкындын да куткарылып кургактыкка чыгарылгандыгы билдирилди. 

Италия басма сөзүндө берилген маалыматтарга караганда куткарылгандардын кемеде 300гө жакын кишинин болгондугун билдирген.



Тектеш кабарлар