Израиль күчтөрү 16 палестиналыкты камоого алды
Чыгыш Кудста бат - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 16 палестиналыкты камоого алды.
Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү менен жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө камоого алынгандардын террордук кыймылдарга аралашкандыгы айтылууда. Маалыматта камоого алынган палестиналыктардын аймактагы камоого алуу борборуна жиберилгендиги билдирилди.
Израиль басып алган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.
Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардан кээ бирлери көптөгөн күн камоо борборлорунда кармалууда.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.