Хафтердин кол салуусу майтарылды

Буркан ел  - Гадап операциясынын катчысы Мустафа ел  - Межи Хафтер күчтөрүнөн 11 кишинин кармалгандыгын жана аскердик курал  - жарактардын колго түшүрүлгөндүгүн билдирди.

1240744
Хафтердин кол салуусу майтарылды

Ливияда эл аралык таанылуучулукка ээ бир гана мыйзамдуу башкаруу катары кабыл алынган Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө караштуу бөлүктөр Халифе Хафтер күчтөрүнүн борбор шаар Триполинин түштүгүнө жасаган абадан кол салууларын майтарды.

Улуттук Макулдашуу Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн Буркан ел  - Гадап операциясынын катчысы Мустафа ел  - Межи Триполинин түштүгүндөгү Ел  -  Халле, Айн Зара жана Ес  -  Себиа аймактарына Хафтер күчтөрү тарабынан аба операциясынын баштатылгандыгын билдирди.

Хафтер күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн абадан кол салууларда кээ бир буктурмалардын атылгандыгын белгилеген Межи бирок бул кол салуулардын Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн күчтөрү тарабынан чоң өлчөмдө артка кайтарылгандыгын айтты. Межи өзгөчө Триполинин түштүгүндөгү Ес – Себиа аймагында Хафтер күчтөрүнөн 11 кишинин кармалгандыгын жана аскердик курал  - жарактардын колго түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Ливиянын чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер Триполини колго алуу үчүн 4 -  апрелде кол салуу буйругун берген. Ушул боюнча борбор шаардагы эл аралык таанылуучулукка ээ Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө караштуу бөлүктөр да «Буркан ел  - Гадап» деп аталган каршы операцияга өткөн.

Бир канча убакыттан бери саясий жана курал кризиси уланып жаткан Ливияда эл аралык таанылуучулукка ээ Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн бөлүктөрү менен Хафтерге караштуу күчтөрдүн арасында катуу кагылышуулар болууда.



Тектеш кабарлар