Түштүк Африкада армияда кызмат кылган мусулман аялдар жоолук сала алышат

Түштүк Африка Улуттук Коргоо Күчү (SANDF) армияда кызмат кылган мусулман аялдардын жоолук салуусуна уруксаттын берилерин билдирди.

1238936
Түштүк Африкада армияда кызмат кылган мусулман аялдар жоолук сала алышат

 

Түштүк Африка Улуттук Коргоо Күчү (SANDF) армияда кызмат кылган мусулман аялдардын жоолук салуусуна уруксаттын берилерин билдирди.

Улуттук басма сөздө чыккан кабарларга караганда Түштүк Африка Улуттук Коргоо Күчү менен Түштүк Африка Мусулман Сот Кеңешинин өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин армияда кызмат кылган мусулман аялдардын жоолук салуусунун эркин болушу тууралуу чечим чыгарылды.

Түштүк Африка Улуттук Коргоо Күчүнүн башкы дин кызматкери Монвабиси Эндрю Джамангиле мусулман аялдардын аскердик кийим эрежелерине ылайык жоолук салуусуна уруксат беришкендерин белгиледи. Джамангиле: «Түштүк Африка Улуттук Коргоо Күчү мусулман аялдардын жоолук салуусу жана ушуга окшогон маселелерди кароого убада берди»,- деди.

Түштүк Африка Улуттук Коргоо Күчү менен Түштүк Африка Мусулман Сот Кеңеши келишкен чечим тийиштүү министрликтин бекитүүсүнөн кийин ишке кирет.

Түштүк Африка армиясында 10 жылдан узун убакыттан бери кызмат кылган майор Фатима Айзекс өткөн жумада кепкасынын астынан жоолук салынган бирок жоолук салгандыгы үчүн дициплиналык жаза алган.



Тектеш кабарлар