Афганстанда Кабул университетинин жакынында жардыруу болду

Жарылууда 8 киши каза болуп, 33 киши жараланды.

1238941
Афганстанда Кабул университетинин жакынында жардыруу болду

Афганстанда Кабул университетинин жакындарында болгон жарылууда алгачкы маалыматтарга караганда 8 киши каза болуп, 33 киши жараланды.

"Tolo Newsтын» кабарына караганда булактар кээ бир студенттердин сынакка кирүү үчүн университеттин кампусунун тышында күтүп турган учурда жарылуу болгондугун белгиледи.

Көргөн күбөлөр университеттин жакынында болгон жарылуудан кийин эки унаанын күйүп кеткендигин билдиришти. Кабул полициясынан берилген маалыматта жарылуунун аймакка жайгаштырылган колдо жасалган магниттик жарылуучу зат менен ишке ашырылгандыгы билдирилди. Каза болгондордун жана жаралуулардын санынын көбөкйүшүнөн тынчсыздануулар болууда.

Жарылунун жоопкерчилигин азырынча моюнга алган болбоду.



Тектеш кабарлар